Биз менен байланышыңыз

УКМК: Курал-жарак сакталган жай табылды

Кыска кабар | 16 Июн 2022 | 279 | 0

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын иликтөө жүргүзүлгөн.

Анын жүрүшүндө Кадамжай районунун тургуну Э.Р.Б. кармалып, жашаган жеринде тинтүгө алынган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 222ден ашык (5,45, 7,63), ар кандай калибрдеги ок-дары, 3 даана ок атуучу курал, 1 даана Ф-1 гранатасы, 230 даана ок, АК-74 магазини, мылтык үнүн баскычы табылды.

Азыркы учурда Э.Р.Б. Кадамжай районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү процессуалдык чара көрүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM