Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк согушта курман болгон кыргызстандык учкучтун туугандары изделүүдө

Кыска кабар | 16 Июн 2022 | 576 | 0

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык учкучтун сөөгү табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

«Эстелик күзөтү-2019» өнөктүгүнүн алкагында Орусиянын экспедициялык тобу Улуу Ата Мекендик согуш өткөн жайларды иликтеп келишет. Ошондой изилдөө жүргүзүү учурунда Ульянов районунун Мелихово айылына жакын жерден советтик жоокердин сөөгү табылган.

Ал №3 Чкалов жогорку авиациялык мектебинде окуган, кенже лейтенант Гусак Михаил Николаевич экени аныкталган. Учкуч 1922-жылы Украинанын Кировоград облусунда туулуп, согушка Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын Свердлов районунан чакырылган.

1943-жылы 15-июлда Гусактын согуштук учагы Мелихово айылына жакын жерде атып түшүрүлгөн. Учак өрттөнүп кеткен, учкуч табылбай калган.

Орусиянын Коргоо министрлигинин архивдик документтеринде Михаил Гусактын энеси Гусак София Фёдоровна экени, ал Фрунзе шаарында жашаары жазылып калган.

Элчилик Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон Михаил Николаевич Гусактын жакындары болсо, кабарлашып коюну өтүнөт.  Байланыш номери: +7 995 720 08 11; e-mail: kgembassy.ru@mfa.gov.kg.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM