Венгриянын Будапешт шаарында скульптор Тамила Маматованын айкелдеринин көргөзмөсү ачылды. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, көргөзмө Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган.
Салтанаттуу ачылыш аземине айкелдердин автору, Венгриянын мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, дипломатиялык корпус жана бизнес чөйрөсү катышты.
Көрсөтүлгөн экспозициялар кыргыз элинин маданиятын жана каада-салтын чагылдырат. Көргөзмө 2022-жылдын 17-июнуна чейин өтөт.