Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бир ай газ өчүрүлөт

Кыска кабар | 16 Июн 2022 | 1052 | 0

20-июндан 20-июлга чейин Бишкекте жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасы кабарлады.

Маалыматка караганда, эскирген жабдууларды жана түтүктөрдү келерки күз-кыш мезгилине карата пландык оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Оңдоо иштерин эки этап менен жүргүзүү пландалууда.

Биринчи этап 20-июндан 4-июлга чейин болот. Бул убакта ремонт иштери жасалат.

Экинчи этап 4-июлдан 20-июлга чейин жүрөт, өчүрүлгөн аймактарга газ берүүнү калыбына келтирүү иштери жүрөт.

Газ берүү токтотула турган аймактар:

Осмонкул, Лев Толстой, Бейшеналиев (Ала-Арча району), Малышев, Касымалы Баялинов (БЧК), Журнальная, Жибек Жолу проспектилери менен чектешкен аймактарда жаратылыш газын берүү токтотулат.

Мындан тышкары, «Кулжа Бик», «Бай тур», Котельные «БТЭ», «Алькони», «Автомаш Радиатор» ишканаларында да газ өчөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM