Биз менен байланышыңыз

Бакиевдин үйүнүн ордуна балдар ооруканасы салына баштады (видео, сүрөт)

Кыска кабар | 15 Июн 2022 | 361 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров балдарды реабилитациялоо борборунун пайдубалына капсула салды.

Акылбек Жапаров имараттын 12 жылдан бери кароосуз турганын, балдар ооруканасы кылууну көптөн бери ойлоп жүрүшкөнүн билдирди.

Бишкек шаарындагы Жибек Жолу, 519 дарегинде жайгашкан бул жердин документтеги жалпы аянты 1892 чарчы метр. Долбоор боюнча 1728 чарчы метрине курулуш жүргүзүлүп, анын 508 чарчы метрине оорукананын негизги имараты түшөт.

96 орундуу бул борбордо балдардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн бардык заманбап шарттар каралган. Имаратты 1-декабрда бүткөрүү пландалып жатат.

Курулушка «Кыргыз курулуш тейлөө» мамлекеттик ишканасы көзөмөл жүргүзүп, «Градстройресурс» жана «Иншаат-Строй-Билдинг» компаниялары салып берет.

Айта кетсек, учурда Президенттин иш башкармалыгына караган бул жер тилкеси мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кан сарайы болчу. 2010-жылдын 7-апрелиндеги төнкөрүш маалында имарат өрттөнүп кеткен. Андан кийин аны үй-жайсыз майыптар башпаанек кылып келишкен.

Жапаров Бакиев менен Атамбаевдин үйлөрү тууралуу айтты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM