Биз менен байланышыңыз

Футболдук беттеште Кыргызстан менен Тажикстан тең чыкты

Кыска кабар , Спорт | 15 Июн 2022 | 236 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Тажикстандын командасы менен оюн өткөрүп, тең чыкты.

«Ак шумкарлар» топко көбүрөөк ээлик кылып, кооптуу чабуулдарга байма-бай чыгып жатты. Бирок эсеп ачылган жок.

Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өттү. F тайпасында Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары жайгашкан. Бул тайпадагы оюндардын баары Бишкекте болду.

Бардык оюндун жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстандын курамасы жети упай топтоду.

Азия кубогу үчүн 24 курама команда күч сынашат. Буга чейин алардын 13ү аныкталса, калган 11и тандоо турунан өтүүдө.

Кыргызстан менен Тажикстан алты упай топтоп Азия кубогуна жолдомо алган. Себеби B тайпасында Палестинанын курамасы үч оюндан кийин тогуз упай менен биринчи орун алса, үч оюндан кийин төрт упай менен экинчи орунда турган Филиппин тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Мындан улам «Ак шумкарларга» Азия кубогуна жолдомо алуу үчүн алты упай гана жетиштүү болду.

2023-жылкы Азия кубогу кийинки жылы 16-июндан 16-июлга чейин Кытайда өтмөк, бирок ал өлкө коронавируска байланыштуу мелдешти өткөрүүдөн баш тарткан. Азырынча кайсы жерде өтөрү белгисиз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM