Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан-Тажикстан оюнуна 16 миңден ашык билет сатылды

Кыска кабар , Спорт | 14 Июн 2022 | 496 | 0

Бүгүн, 14-июнда футбол боюнча Азия кубогуна тандоо турунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командалары ойнойт. Бул оюнга 16 миң 470 билет сатылганын Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.

Оюн саат 20:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

Стадиондун сыйымдуулугу 18500 адамды түзөт.

Маалыматка караганда, бир сектор чакырылган коноктор жана оюнчулардын үй-бүлөлөрү үчүн каралган. Милиция чыгыш трибунанын биринчи катарларын ээлейт, ал жерде балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн орундар бар.

Кыргызстандын курама командасы F тайпасында жайгашкан, бул тайпанын оюндары Бишкекте Тажикстан, Мьянма жана Сингапур курама командаларынын катышуусунда өтүүдө.

Эки турдун жыйынтыгында Кыргызстан Сингапурду (2:1) жана Мьянманы (2:0) жеңген, ошентип улуттук кураманын эсебинде 6 упай бар. Тажикстандын командасынын да 6 упайы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM