Биз менен байланышыңыз

Бишкекте аскер комиссариатынын кызматкери пара алып кармалды

Кыска кабар | 14 Июн 2022 | 186 | 0

Бишкектин Октябрь райондук аскер комиссариатынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Аскер комиссариатынын кызматкери С.М.нын ушул жылдын февраль айында Ц.И. аттуу жарандан «аскердик билет жазып берем» деп, 30 миң сом пара алганы Аскердик прокуратурага маалымдалган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен иш ачылып, иликтөө башталган.

Айтылган кызматкер С.М. бүгүн, 14-июнда жасалма аскердик билетти Ц.И.ге берип жаткан жеринен колго түштү. Учурда Аскер прокуратурасынын Бишкек гарнизонунда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM