Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык окутуучу Монголиянын I даражадагы мугалими наамын алды

Кыска кабар | 14 Июн 2022 | 238 | 0

Кыргызстандык Мира Сагынбаева Монголиянын I даражадагы мугалими төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мира Сагынбаева Монголиянын борбору Улан-Батор шаарындагы мектептердин бирине атайын келишим менен барып, орус тили жана адабиятынан сабак берген.

«Орусияда бала бакчада педагог болуп иштеп жүрсөм, Монголияга барып иштөө боюнча чакыруу түшүп калды. Бул мага адан кызык болду. Анткени көптөн бери Чыңгызхандын өлкөсүнө баргым келип жүргөн. Башында монгол балдарга биздин балдарга салыштырмалуу орус тилин үйрөтүү кыйынга турду. Бирок ар кандай кызыктыруучу оюн сабактардын натыйжасында жогорку деңгээлде үйрөтө алдым. Окуучулар мага ыраазы, мен аларга ыраазы болуп кайттым. Мени кайра жаңы окуу жылында кайтып келүүмдү суранышты. Бирок үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу баш тарттым», — деди Мира Сагынбаева.

Мира Сагынбаева 1992-жылы Орусиянын Оренбург мамлекеттик педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. Буга чейин Калининград, Бишкек, Нарын шаарларындагы мектептерде орус тили жана адабияты мугалим болуп эмгектенген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM