Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 15-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33,
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30,
Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27,
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +30…+32 градус болот.