Биз менен байланышыңыз

Футбол боюнча Кыргызстандын командасы Азия кубогуна чыкты

Кыска кабар , Спорт | 14 Июн 2022 | 871 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия кубогунун 2023-жылы өтө турган финалына чыкты.

Бул күндөрү алты өлкөдө турнирдин үчүнчү тандоо туру өтүп жатат. Анын жыйынтыгы менен Азия кубогуна 11 жолдомо ойнотулат.

Финалдык турга 6 тайпанын жеңүүчүлөрү, ошондой эле тайпаларда экинчи орунду алган 5 мыкты команда чыгат.

Кыргызстандын курама командасы F тайпасында жайгашкан, бул тайпанын оюндары Бишкекте Тажикстан, Мьянма жана Сингапур курама командаларынын катышуусунда өтүүдө.

Эки турдун жыйынтыгында Кыргызстан Сингапурду (2:1) жана Мьянманы (2:0) жеңген, ошентип улуттук кураманын эсебинде 6 упай бар. Тажикстандын командасынын да 6 упайы бар. Бүгүн эки команда финалдык беттеште ойнойт.

Ал эми Монголияда А тайпасынын чечүүчү беттеши болуп, анда Палестина курамасы Филиппинди 4:0 эсебинде утуп, тайпада 1-орунду камсыздап, финалга жолдомо алган, Филиппин тандоо оюндарынан четтетилди.

Анын жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандын курама командасы 6 упай менен Азия кубогунун финалдык баскычына жолдомо алды. Ошондой эле Азия кубогунун финалдык баскычына Өзбекстан, Таиланд, Гонконг, Индия жана Тажикстандын командалары чыкты.

14-июнда футбол боюнча Азия кубогуна тандоо турунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командалары ойнойт. Оюн саат 21:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

Бул — F тайпасынын жыйынтыктоочу оюну.

Кыргызстандын футболчулары эгемендик тарыхта бир гана жолу 2019-жылы Азия чемпионатына катышкан. Александр Крестининдин жетекчилиги астында команда ⅛ финалга чейин жеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM