Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Биз эл нааразы болбогудай чечимдерди кабыл алабыз

Кыска кабар | 14 Июн 2022 | 274 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жерди трансформациялоо маселеси менен келген Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылынын тургундарын кабыл алды.

Келген жарандар жерге мунапыс берүү жөнүндө жободогу мөөнөттөргө нааразы, себеби жер тилкесин менчикке чыгартуу үчүн үч ай убакыт керектелет.

Акылбек Жапаров баарынын ой-пикир, сунуштарын уккан соң, Айыл чарба министрлигине жер тилкелерине документ берүү мөөнөтүн кыскартууну, бул жааттагы ченемдик-укуктук актыга өзгөртүү киргизүүнү тапшырды.

«Эл бекерчиликтен митингге чыкпайт. Бул жергиликтүү бийлик органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын аракетсиздигинен улам келип чыгат. Бирок биз ар дайым элдин үнүн угуп, элдин нааразычылыгын жаратпай турган чечимдерди кабыл алабыз», — деди Акылбек Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM