Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын футболчулары беттешет

Кыска кабар , Спорт | 14 Июн 2022 | 467 | 0

Бүгүн, 14-июнда футбол боюнча Азия Кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командалары беттешет. Оюн саат 21:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

Бул — F тайпасынын жыйынтыктоочу оюну. Буга чейин Кыргызстан Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 менен уткан. Тажикстан Мьянманы 4:0, Сингапурду 1:0 менен жеңген.

Ушул тапта F тайпасында Кыргызстанда да, Тажикстанда да алтыдан упай бар. Бирок Кыргызстандын курама командасы гол киргизген жана өз дарбазасына өткөрүп жиберген топтордун айырмасы менен Тажикстандын курамасынан кийинки экинчи орунду ээледи.

Бул беттеш командалар үчүн абдан маанилүү. Себеби уткан тарап Азия Кубогуна жолдомо алат. Ошол эле учурда Азия биринчилигине катышуусуна кепилдик берилет.

Кыргызстандын футболчулары эгемендик тарыхта бир гана жолу 2019-жылы Азия чемпионатына катышкан. Александр Крестининдин жетекчилиги астында команда ⅛ финалга чейин жеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM