Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы атышууда жаракат алган аскерлердин абалы жакшы

Кыска кабар | 13 Июн 2022 | 199 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында 3-июнда болгон атышууда жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалы жакшырып калды. Бул тууралуу Улуттук госпиталдан кабарлашты.

Эки аскер кызматкери дарылануу үчүн Бишкекке жеткирилип, Улуттук госпиталга жаткырылган. 20 жаштагы Ж.З. жандандыруу бөлүмүнөн жалпы бөлүмгө которулган. Абалы жакшырды.

Экинчи аскер кызматкери 19 жаштагы Б.С. уулунун ден соолугу аздап жакшырып келатат. Дарылоо уланууда.

3-июнда Кыргызстандын чек арачылары Баткен облусунун Булак-Башы аймагында кызмат өтөп жатканда Тажикстандын чек арачылары шарттуу тилкени мыйзамсыз кесип өткөн. Кыргыз тарап чек арадан чыгып кетүүнү талап кылышкан. Бирок тажик аскерлери талапка баш ийбей, кыргыз аскерлерине ок чыгарган.

Эки өлкөнүн аскерлеринин ортосунда атышуу болуп, тажик тарап миномётторду колдонгон. Андан эки кыргыз аскер жарадар болуп, Бишкек шаарындагы ооруканага жеткирилген.

УКМК жарадар аскерлер атайын тик учак менен Бишкекке алып келингенин 4-июнда кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM