Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү! Дарыя-суулар ташып, сел жүрүшү ыктымал

Кыска кабар | 13 Июн 2022 | 335 | 0

13-июнда ак жаанга байланыштуу тоо этектеринде, тоолуу райондордо сел жүрүшү, дарыялар, суулар ташышы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Министрлик коопсуздукту сактоо үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн, дренаждык түйүндөрдү тазалап коюу зарылдыгын эскертет.

Адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында ӨКМ тарабынан телефонограмма даярдалган. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM