Биз менен байланышыңыз

UFC турнири: Валентина Шевченко Тайла Сантосту утту

Кыска кабар , Спорт | 12 Июн 2022 | 824 | 0

Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC турниринде бразилиялык Тайла Сантосту жеңип жетинчи жолу чемпиондук макамын коргоду.

UFC турнири Сингапурда беш тур менен өттү. Шевченко 48, ал эми атаандашы 47 упай алды.

«Мен атаандашымдын ар тараптуу мушкер экенин билчүмүн. Соккулары, грепплингде жакшы болчу, бирок жыйынтык мен күткөндөй болду. Мага эч кандай чек жок, ким болбосун баары менен беттешүүгө даярмын», — деди Шевченко.

Ал эми Сантос беттеш өтө оор болот деп ойлогонун, азыр жаш экенин, келечекте Шевченко менен дагы да кездешерин билдирди.

Сантос UFC кыз-келиндер арасындагы жеңил салмак категориясында төртүнчү орунда турат.

Буга чейин Валентина Шевченко өзүнүн чемпиондук наамын алты жолу ийгиликтүү коргогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM