Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда англис тилин окуткан ыктыярчылар дагы көбөйөт

Кыска кабар | 10 Июн 2022 | 220 | 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев АКШнын «Тынчтык корпусу» уюмунун Кыргызстандагы директору Хойт Брайан Йии менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин борбордук аппараты кабарлады.

Анда министр билим берүүдө чет тилдердин, анын ичинде англис тилинин ролу зор экенин белгилеп, уюмдун колдоосуна ыраазычылыгын, англис тилин жайылтуу боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даярдыгын билдирген.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстанда англис тилин окуткан ыктыярчылардын катарын көбөйтүү багытындагы меморандумга кол коюуну макулдашкан.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кийинки жумада АКШдан Кыргызстанга 12 ыктыярчы келери айтылды.

Айта кетсек, АКШнын «Тынчтык корпусу» уюму Кыргызстанда 29 жылдан бери иш алпарып келет. Алардын миссиясы ыктыярчылардын жардамы аркасында жарандарга англис тилин үйрөтүү болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM