Биз менен байланышыңыз

Оштогу «Достук» бекетинин кызматкерлери коррупция боюнча кармалды (видео)

Кыска кабар | 10 Июн 2022 | 692 | 0

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» көзөмөл-өткөрмө бекетинин бир катар кызматкерлери акча жасоого шектелип камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМК жүргүзгөн иликтөөлөрдүн жүрүшүндө бекеттин кызматкерлери ары-бери өткөндөрдөн мыйзамсыз акча талап кылып турушканы аныкталган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары көзөмөл-өткөрмө бекеттин аскер кызматкерлери А.Д.М., Д.М.Т., Х.Р.Р., Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун түштүк аймагы боюнча башкы дарыгеринин орун басары Н.С.Т., «Достук» санитардык-карантин пунктунун мурдагы башчысы А.З.С., ошондой эле акча алууда ортомчулук кылып турушкан С.А.Ж., А.Б.Т. кармалган.

Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралып, 24-июнга чейин камакка алуу чечими чыккан. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо, абактыларды тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM