Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компаниялар кошумча нарк салыгын төлөйт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.
КНСтин өлчөмү ишке ашырылган кызмат көрсөтүүлөрдүн суммасынан 12%ды түзөт.
Салык кызматы чет өлкөлүк уюмдарга аралыктан салыктык каттоодон өтүү үчүн vat.salyk.kg электрондук сервисин ишке киргизди.
«Google салыгы» — жеткирүү орду Кыргызстандын аймагы деп таанылган, Кыргызстанда катталган домендик аталышты же IP-дарегин колдонбостон электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдарга тиешелүү.
Салык кодексине ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тарта электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырган бардык чет өлкөлүк компаниялар бюджетке кошумча нарк салыгын төлөөгө милдеттүү.