Биз менен байланышыңыз

ТИМ: 20дан ашык ирандык туркомпания Кыргызстан менен кызматташууга кызыктар

Кыска кабар | 10 Июн 2022 | 176 | 0

Кыргызстандын Ирандагы элчилиги 7-8-июнь күндөрү Тегеранда өткөн «Ислам дүйнөсүндөгү туризм» аттуу биринчи эл аралык көргөзмөгө катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көргөзмөдө Ирандын Туризм министрлигинин жетекчилиги, Туроператорлор ассоциациясы жана «Шахре Афтаб» көргөзмө комплекси элчилик тарабынан уюштурулган Кыргызстандын туристтик потенциалы, маданияты, экономикасы тууралуу видео жана басма материалдары бар павильонду көрүштү.

Туристтик фирмалардын каталогдору, брошюралары жана Кыргыз Республикасынын кооз жерлери тууралуу маалыматтар айтылды.

Ошондой эле көргөзмөнүн жүрүшүндө кызматташууга кызыкдар ирандык 20дан ашык туристтик компания менен жолугушуулар болуп, байланыштар түзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM