Биз менен байланышыңыз

«Чек талап кылып, белек утуп ал!» лотереясына жеке компаниялар өнөктөш болду

Кыска кабар | 10 Июн 2022 | 235 | 0

Салык кызматынын «Чек талап кыл – байге утуп ал!» лотереясын ишке ашырууда жеке компаниялар өнөктөш болушат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Лотереянын өнөктөштөрү «Тойбос», Red Petroleum, «Мөл Булак», «Бай Дыйкан», ЦУМ, «Планет Электроникс», «Айсберг», «Технохол», «Лининг» дүкөндөрү, Pizza Empire кафелер тармагы жана «KAYNAR GROUP» ресторандар тармагы болду.

10-майда Мамлекеттик салык кызматы тарабынан «Чек талап кылып, белек утуп ал!» аталышында лотерея башталган. Анда автоунаа, iPhone, баалуу белектер, ал эми супербайгеге Бишкектен батир ойнотулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM