Бүгүн, 10-июнда таңкы саат 5:55 чамасында Ысык-Көл облусунун Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунда Volvo жана Volkswagen Passat үлгүсүндөгү машиналар кагылышып, төрт киши көз жумду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Комсол айылында болгон кырсыктын кесепетинен 4 адам — 3 эркек жана 1 аял каза тапкан.
Жерине 4 куткаруучу барып, сөөктөрдү унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.