Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы институту Марат Казакпаевдин оорусу боюнча текшерүү жүргүзөт

Кыска кабар | 10 Июн 2022 | 279 | 0

Акыйкатчы институту саясат талдоочу Марат Казакпаевдин жубайынын арызынын негизинде көрсөтүлгөн медициналык жардам өз убагында берилип-берилбегени, бөгөт чарасы кайсы себептен өзгөртүлбөгөнү боюнча териштирүү жүргүзүп жатат.

Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы Марат Казакпаевдин жубайы бул арызды 6-июнда жазганын билдирди.

Маалыматка караганда, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган саясат талдоочу 2022-жылдын 27-апрелинен 19-майына чейин Улуттук госпиталда дарыланып, кардиологияга жаткырууга негиз болбогондуктан кайра абакка алып келинген.

Белгилүү болгондой, ал кечээ, 9-июнда саясат талдоочу эс-учун жоготуп, «Тез жардам» менен Бишкек шаарындагы №1 ооруканага жеткирилген. 

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери кечээ оорукананын неврология бөлүмүнө барып, Казакпаевдин дарыгери Кыдыров менен жолугушкан.

Аппараттын басма сөз кызматы Марат Казакпаевдин жубайы күйөөсүн абакта кармоо шарттарына нааразычылыгын билдирип, 2021-жылдын 4-майында да ошол кездеги омбудсмен Токон Мамытовдун наамына арыз жазганын белгилеп өттү. Анын негизинде Токон Мамытов Марат Казакпаев жаткан абакка барып, андан кабар алган. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакпаев бир катар жагдайлар жана ден соолугу боюнча даттанган. Айтылган маселелер боюнча чара көрүүнү талап кылып, Акыйкатчы институту УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ошол жылдын 31-майында кат жөнөткөн.

Саясат таануучу Марат Казакпаев 2021-жылдын 14-апрелинде Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренеси (мамлекетке чыккынчылык кылуу) менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. 2022-жылдын 9-мартында сотко чейинки тергөө аяктап, ишти кароону Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп беришкен.

УКМК: Марат Казакпаев Бишкектеги №1 ооруканага жаткырылды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM