Connect with us

Баткен облусунда 100 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

Кыска кабар | 10 Июн 2022 | 354 | 0

Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги өлкө боюнча бир нече кошумча жумуш орун түзүүнү пландоодо. Бул тууралуу министр Кудайберген Базарбаев Баткен облусунун Кадамжай районуна жасаган иш сапарында билдирди.

Министр райондогу «Социалдык контракт» долбоорунун жыйынтыгы менен таанышып чыкты.

«Нарын облусунун Жумгал районунда жана Баткен облусунун Кадамжай районунда 100 муктаж үй-бүлө 100 миң сомдон алышты. Бул акчага тандалган үй-бүлөлөр өз бизнесин башташты. Жыйынтыгы көрсөткөндөй, алар үй-бүлөлөрү үчүн гана эмес, андан тышкары бир нече адамга кошумча жардам беришти. Социалдык кызматтардан, жергиликтүү бийликтерден турган комиссиялар бул гранттардын натыйжалуу пайдаланылышын, майрамдарда же башка иш-чараларда ысырап болбошун камсыз кылышты. Бүгүн биз жакырчылык менен күрөшүүнүн активдүү чаралары жакшы натыйжа берип жаткандыгын көрүүдөбүз», — деди министр.

Базарбаев белгилегендей, министрлик жыл аягына чейин бул долбоорду бүткүл республикага кеңейтүүнү жана сынактын алкагында 500 үй-бүлө тандалып алынган бардык районду камтууну пландаштырууда, алардын ар бири 100 миң сомдон алышат.

«Бул долбоор биздин өлкөнүн жарандарын өз бизнесин баштоого түрткү бериши керек, ал бардык жаранды бизнес менен алектенүүгө түрткөн мультипликативдик натыйжа бериши керек. Позитивдүү мисалдар адамдарды жуктурат, биз бул чаралар максималдуу оң натыйжа берет деп ишенебиз», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM