Биз менен байланышыңыз

Индиянын Тышкы иштер министри Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 9 Июн 2022 | 167 | 0

Бүгүн, 9-июнда Индиянын Мамлекеттик тышкы иштер министри жана Мамлекеттик маданият министри Минакши Лекхи Бишкекке иш сапары менен келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Кыргызстан-Индия дипломатиялык алакасынын 30-жылында келген министр айым бир катар жетекчиликтер, тараптар менен кездешет. Анын алкагында соода-инвестиция тармагы боюнча, ошондой эле эл аралык уюмдар, аймактык бирикмелер менен кызматташтык туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Минакши Лекхи эки министрликти жетектегенден тышкары Индия парламентинин төмөнкү палатасында депутаттык милдетти аркалайт. Ал «Бхаратия Жаната» башкаруучу партиясынан шайланып келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM