Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров скрипкачы Даниэль Лозакович менен жолугушту

Кыска кабар | 9 Июн 2022 | 309 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда скрипкачы Даниэль Лозакович жана анын апасы Алина Шаршекеева-Лозаковичти кабыл алды.

Таанымал скрипкачыны жылуу тосуп алган өлкө башчысы жаш виртуоз скрипкачынын тамыры кыргыз экенине бардык кыргызстандык кубанычта экенин белгиледи. Анын музыкага жана маданиятка берилгенин жогору баалап, Даниэль Лозаковичтин чыгармачылыгы Кыргызстандын музыкалык маданиятын өнүктүрүүгө да кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Даниэль Лозакович Садыр Жапаровго жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандан алган таасири, чыгармачылыгы, келечектеги пландары тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Даниэль Лозаковичке эстелик белектерди тапшырды.

Учурда чыгармачылыгы көп өлкөлөрдө оозго алына баштаган Даниэль Лозакович 2001-жылы Швециянын борбору Стокгольм шаарында туулган. Музыканттын атасы — өз өлкөсүнөн көчүп барган беларусь, апасы — кыргыз.

Айта кетсек, эртең, 10-июнда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кыргыз-швед дипломатиялык алакасынын түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына арналган чоң салтанат өтөт. Виртуоз-скрипкачы мына ошол концертке катышуу үчүн 7-июнда Кыргызстанга келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM