Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев акталды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги Биринчи Май райондук сотуна таянып жазды.
Тиешелүү чечимди сот 26-майда чыгарган. Алар «Дүйшөнбек Чоткараевдин аракетинде кылмыштын курамы жок» деген жүйө келтиришкен.
Дүйшөнбек Чоткараев 2020-жылы ноябрда алтын аткезчилигине шектелип кармалган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал аткезчилик менен кармалган адамдарды мыйзамсыз бошотуу жана конфискацияланган зер буюмдарын чыгаруу менен алектенген.
Бул ишке Чоткараевден тышкары УКМКнын төрагасынын дагы бир мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаев да айыпталып, ага издөө жарыяланган.
УКМК Чоткараевдин кармалышы жөнүндө түшүндүрмө берди