Биз менен байланышыңыз

Ошто 30 гектардан ашык айдоо жерди мыйзамсыз саткандар камакка алынды

Кыска кабар | 9 Июн 2022 | 888 | 0

Ноокат районунун Он эки-Бел айыл аймагынын мурдагы кызмат адамдары мыйзамсыз жер сатууга шектелип, камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы коррупцияны иликтөө боюнча УКМКнын жүргүзүп жаткан иштеринин алкагында Он эки-Бел айыл аймагынан 30 гектардан ашуун айдоо жер турак жай куруу үчүн негизсиз трансформацияланып, мыйзамсыз сатылып кеткени аныкталган.

Бул факты бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен катталып, иш козголгон.

Анын алкагында айыл аймактын мурдагы башчысы Кутманбек Турсункулов, айылдык кеңештин мурдагы төрагасы, учурдагы депутаты Данияр Кантов, жер маселелери боюнча мурдагы адис Ильяз Калмурзаев, мурдагы депутаты Каныбек Мамытов кылмышка шектелип кармалган.

Ош шаардык соту баш коргоо чарасын карап, тергөө бүткөнчө камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда жерди мыйзамсыз сатуудан мамлекет тарткан зыянды аныктоо жана бул ишке катышы бар башка адамдарды иликтөө, камалгандарды тергөө жүрүп жатканы кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM