Биз менен байланышыңыз

Президент: Акылбек Жапаров карып калды дегенден алысмын

Кыска кабар | 9 Июн 2022 | 320 | 0

Президент Садыр Жапаров Би-Би-Сиге берген маегинде өлкөдө кадрдык таңкыстык бар экенин билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн курамынын 50%дан ашыгын жаштар түзөт. Алардын катарында Акаевден баштап Жээнбековго чейин иштеген бирин-экин күчтүү кадрлар да бар.

«Менимче, ошолорду айтып жатышса керек. Биз ар бир министрдин, губернатор менен акимдердин жана администрацияда иштеген кызматкерлердин кандай иштеп жатканын байкап турабыз. Потенциалы бар кадрларды кетирбей кармап жүрөбүз. Аларды кетирип, ордуна тилинен чаң чыккан жаштарды да коюп көрбөдүкпү. Тилекке каршы, тилинен чаң чыкканы менен өкмөттүк ишти тартып кете алышпайт экен. Жаштар десек, өкмөттүн курамында 50%дан ашыгы жаштар. Бийликте жалаң эски кадрлар, жашы улгайгандар дегенди мен деле угуп калып жатам. Эми так фактылар менен карап көрөлү. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров карып калды дегенден алысмын. Күчкө, тажырыйбага толуп, иштей турган мезгили. Орун басарлары Бакыт Төрөбаев, Эдил Байсалов деле жаш эле. Юстиция министри Аяз Баетов 37 жашта, Маданият министри Азамат Жаманкулов 35 жашта, Санариптик өнүгүү министри Талант Иманов 36 жашта, Экономика жана коммерция министри Данияр Иманалиев 39 жашта, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев 32 жашта», деди ал.

Президент ошондой эле кадр тандоодо жаш менен бирге тажрыйба дегенди да унутпоо керектигин белгилеген.

«Андыктан, бул маселеде учурда кандайдыр бир көйгөйлөр бар дегенден алысмын. Албетте, бир аз кемчиликтер бар. Жипке тизгендей дегенден алысмын. Бирок көч бара-бара түзөлөт. Түздөйбүз», — деген президент.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM