Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 10-июнда Чүй, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36,
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,
Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+38,
Баткенде түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+36,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +34…+36 градус болот.