Биз менен байланышыңыз

Министр мектеп бүтүрүүчүлөрүн эмгекчил болууга чакырды

Кыска кабар | 9 Июн 2022 | 308 | 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кайрылып, «Акыркы коңгуроо» салтанаты менен куттуктады.

Ал ар бир бүтүрүүчү үчүн бүгүн мектептин акыркы коңгуроосу кагылгандан кийин турмуштун жаңы барагы ачыларын айтат.

Бүтүрүүчүлөрдү эмгекчил, өлкөнүн жүгүн көтөргөн илимдүү, билимдүү жаштардан болууга чакырды.

«Азыркы заман – билимдүүнүн, жогорку маалыматтык технологиянын, атаандаштыкка туруштук бере турган жаратмандардын жана интеграциянын заманы. Сиздер ушул мезгил менен кошо кадам шилтеп, Кыргызстандын билимдүү, адептүү жана маданияттуу жаштарынан болосуздар деген ишеним зор» , — деди министр.

Бүгүн, 9-июнда Кыргызстандын мектептеринде окуу жылы аяктап, «Акыркы коңгуроо» салтанаты өтүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги буга чейин мектептеги салтанаттан кийин кафе-ресторандарда чогулууга тыюу салынарын эскерткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM