Биз менен байланышыңыз

Бекешев: Данияр Үсөнов 20 гектар жерди бекер алып алды

Кыска кабар | 9 Июн 2022 | 320 | 0

Данияр Үсөнов мамлекеттин 20 гектар жерин бекер алып алды. Мындай маалыматты парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, Байтик Баатыр көчөсү менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинен баштап 800 метр өйдө барганда 20 гектар мамлекеттин жери жеке жактарга бекер өтүп кеткен.

«Аталган жер 2000-жылдын башында Чүй облустук токой чарбасына таандык болчу, андан кийин 49 жылга ижарага берилген. Кийин 2005-жылы айыл өкмөт 20 гектар жерди бекер жеке компанияга берип койду. Алып алган жеке менчик компания «ПраймСтрой» деп аталат. Ошол учурда ал Данияр Үсөновго тийиштүү компания болгон. Канча жолу УКМК, Прокуратура жана парламент ушул маселени көтөргөн. Тилекке каршы, ошол жер бекер берилген бойдон калды. Мамлекетке бир тыйын төлөгөн жок», — деди депутат.

Ошондой эле ал айыл өкмөттүн 2005-жылдагы буйругун жокко чыгаруу керектигин кошумчалап, 2021-жылы Башкы прокуратура бул ишти сотко өткөзүп, бирок сот баш тартканын белгиледи.

Мындан сырткары бул ишти президент өзү көзөмөлгө алышы керектигин кошумчалады.

Данияр Үсөнов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда Кыргызстандагы бир нече беделдүү кызматтарды аркалаган. 2009-жылдын 21-октябрында премьер-министр кызматына дайындалган. 2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүштөн кийин Улуу Британияга качкан. 2017-жылы аты-жөнүн Даниил Урицкий деп өзгөртүп, Курманбек Бакиев жашап жаткан Беларусь мамлекетине келген. Учурда Беларусь улуттук биотехнологиялык корпорациясын жетектейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM