Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Абактарга баңгизат ташыган адам кармалды (видео)

Кыска кабар | 9 Июн 2022 | 532 | 0

Бишкек шаарынын, Чүй облусунун абак жайларына баңгизат ташыган адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Чүй облусундагы түрмөлөрдүн биринин түнкү күзөтчүлөрү белгисиз адамдар абактын короосуна баштык ыргытканын байкап калышкан. Соттук-химиялык экспертиза жүргүзүүдө ал 982 грамм салмактагы «гашиш» баңгизаты экени аныкталган.

ИИМдин баңгизатка каршы күрөшүү кызматы менен Жазаларды аткаруу кызматы биргеликте кылмыштын бул түрүнө бөгөт коюу максатында атайын операцияларды өткөрүшкөн.

Анын алкагында кылмышка шектелип, Токмок шаарынын 1989-жылы туулган тургуну, буга чейин бир нече жолу соттолгон Ж.А. кармалган.

Сурак учурунда «Арс» каймана ысымдуу бул адам ири өлчөмдөгү баңгизаттарды «общактын» керектөөсү үчүн таап келип, ар кандай жолдор менен киргизип жүргөнүн мойнуна алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM