Биз менен байланышыңыз

Нарында атасына бычак сайып өлтүргөн адам кармалды

Кыска кабар | 8 Июн 2022 | 336 | 0

Нарында атасына бычак сайып өлтүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милицияга кечээ, 7-июнда болжол менен саат 14:30 чамасында Нарын облустук ооруканасына 1951-жылы туулган К.Э. аттуу адамдын бычак жеп түшкөнүн кабарлашкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Нарын районундагы Алыш айылынын 1975-жылы туулган тургуну К. Т. 7-июнда саат 13:30 чамасында үйүнө мас абалында келип, аялына кол көтөргөн. Атасы К.Э. келинин коргоп, уулун тыймакчы болгондо, ага да кол салып, бычак сайып жиберген.

К.Э. ошол жерден жан берген. Кылмыш жасаган адам үйүнөн качып кеткен.

Нарын РИИБи бул фактыны бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин «адам өлтүрүү» беренеси менен каттап, шектүүгө издөө жарыялашкан.

Ыкчам иликтөөлөрдүн аркасында кылмышка шектүү К.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM