Биз менен байланышыңыз

Кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкондор Өзбекстанда сыйланды

Кыска кабар | 8 Июн 2022 | 316 | 0

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин Ташкенттеги кеңсесинде кыргыз тилин өнүктүрүүгө, жайылтууга арналган жолугушуу өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Отурумга элчи Муса Жаманбаев, «Кыргыз тили» коомунун төрагасы Райымжан Курбанов, Өзбекстандагы Кыргыз улуттук маданий борборунун жетекчиси Рахматулла Жаббаров, «Өзбекстан-Кыргызстан» достук коомунун директору Зухриддин Исомиддинов жана Өзбекстандагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышкан.

Жыйындын жүрүшүндө улуттук маданиятты өнүктүрүү, чет жерде жашаган мекендештер арасында эне тилди сактоо маселелери талкууланып, Райымжан Курбанов кыргыз акындарынын ырларын окуп берген. Андан соң кыргыз тилине салым кошуп жаткан бир катар инсандарга «Ыйык тил» төш белгисин тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM