Биз менен байланышыңыз

Футбол оюндарына байланыштуу Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат

Кыска кабар | 8 Июн 2022 | 301 | 0

Бүгүн, 8-июнда Бишкектин борбордук көчөлөрүндө унаа кыймыл чектелет. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматы билдирди.

Айта кетсек, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Азия Кубогуна тандоо оюндары өтүп жатат.

Буга байланыштуу саат 16:00дөн 23:00гө чейин Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү, Фрунзе көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.

Бүгүн тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Сингапурдун футбол боюнча улуттук курамалары беттешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM