Биз менен байланышыңыз

Акыркы беш айда 502 курулуш материалына тастыктама берилди

Кыска кабар | 7 Июн 2022 | 204 | 0

«Курулушка сертификат берүү» борбору акыркы 5 айда 502 курулуш материалына тастыктама берди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин сайтына жарыяланды.

Борбордун адистери көрсөтүлгөн убакта жалпысынан 4 миң 772 жолу сыноо жүргүзгөн. Анын натыйжасында 502 материалды талапка жооп берет деп таап, мамлекеттик реестрге киргизген. Сапаты тастыкталган материалдардын 154ү Кыргызстандын өзүндө чыгарылса, 302си чет өлкөдөн ташылат.

Булардан тышкары ыктыярдуу тастыктоодон өтүүнү каалаган арыз ээлерине 46 шайкештик тастыктамасы берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM