Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Сурдлимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлады

Кыска кабар | 7 Июн 2022 | 204 | 0

Президент Садыр Жапаров Бразилияда өткөн 24-жайкы Сурдлимпиада оюндарына катышкан спортчулар менен жолугушту.

2022-жылдын 1–15-май күндөрү Бразилияда болуп өткөн XXIV Сурдлимпиада оюндарында Кыргызстан курама командасы 2 күмүш, 4 коло, жалпысы 6 медаль жеңип келишкен.

Кыргызстандык спортчулар өлкө тарыхында сурдолимпиада спорту боюнча алгач ирет ушундай ийгиликтүү натыйжага жетишти.

«Тагдырдын жазмышына баш ийип отуруп албай, өлкөмдүн өнүгүшүнө колумдан келген салымымды кошсом деп тилек кылып, өжөрлөнө эмгектенип, көздөгөн максатына жете билүү – бул чоң эрдик. Мындай машакаттуу жолду басып өтүп, Бразилияда болуп өткөн маанилүү мелдешке катышып, жан-дили менен берилген машыгуулардын негизинде кызыл туубузду эл аралык майданда дагы бир жолу желбиреткен Кыргызстандын сурдолимпиада боюнча курама командасынын спортчуларына, аларды коштоп-колдоп, күн-түн дебей таптап барган машыктыруучуларга, спортчулардын саламаттыгына кам көргөн дарыгерлерге терең ыраазычылык билдирем», — деди Садыр Жапаров.

Сурдлимпидага даярдануу максатында окуу-машыгууларына 1,5 млн сом жана эл аралык мелдешке катышууга 8 млн сом каралганы айтылды.

Президент паралимпиадалык жана сурдлимпиадалык спорт түрлөрүн Олимпиадалык спортко теңештирүү зарылдыгын айтты.

Бир жолку берилүүчү акчалай сыйлыктар менен бирдиктүү стипендиялык бюджетке спорттун паралимпиада жана сурдолимпиада түрлөрүн киргизүү керектиги айтылды. Жапаров тиешелүү мыйзамдарга толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизүүнү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментине тапшырды.

Жолугушууда Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды, акчалай сертификаттарды жана эстеликке белектерди тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM