Биз менен байланышыңыз

Миталип Мамытов КМШнын «Шериктештик жылдызы» сыйлыгын алды

Кыска кабар | 7 Июн 2022 | 443 | 0

КР Эл Баатыры, КР эмгек сиңирген дарыгери, академик, нейрохирург Миталип Мамытов КМШ мамлекеттер аралык «Шериктештик жылдызы» сыйлыгынын лауреаты болду. Маалымат «Орусия гезити» сайтына жарыяланды.

«Шерктештик жылдызы» сыйлыгына лауреаттар 2021-жылда жүргүзгөн ишмердигине карап тандалып алынган. Ага жалпысынан 12 адам арыз берген.

Сыйлыкка Миталип Мамытовдон тышкары, Азербайжандын айкелчиси Натик Алиев, Армениянын геологу Эдуард Хачиян, Беларустун физиги Сергей Килин, Казакстандын архитектору Серик Рустамбеков, Орусиянын дирижёру Юрий Темирканов, Тажикстандын математиги Мирганд Шабозов, Өзбекстандын опера ырчысы Рамиз Усманов татыктуу болгон.

«Шериктештик жылдызы» сыйлыгы КМШга мүчө мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык кеңеши жана КМШга мүчө мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча фонду тарабынан негизделген. Сыйлык илим-билим, маданият, искусство, гуманитардык кызматташтык тармактарынын ишмерлерине ыйгарылат.

Лауреттарга диплом, төш белги, андан тышкары 2 млн рубль акчалай сыйлык берилет.

«Шериктештик жылдызы» сыйлыгы ушул жылдын декабрь айында Ташкент шаарында өтө турган КМШнын илимий-чыгармачылык форумунда тапшырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM