Биз менен байланышыңыз

АКШда электр энергия тартыштыгынан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июн 2022 | 880 | 0

АКШ президенти Жо Байден электр энергиянын тартыштыгынан улам өлкөсүнө өзгөчө кырдаал жарыялады. Маалымат Ак үйдүн расмий сайты аркылуу жасаган кайрылуусунда айтылды.

«Көптөгөн факторлор Америка Кошмо Штаттарынын элинин суроо-талабын канааттандыруу үчүн жетиштүү электр энергиясын өндүрүүгө коркунуч жаратууда. Бул факторлорго Орусиянын Украинага басып киришинен улам пайда болгон энергетикалык рыноктогу үзгүлтүк жана аба ырайынын кескин өзгөрүшү кирет. Маселен, өлкөнүн айрым аймактарындагы кургакчылык жана ысык аба ырайы электр энергияга болгон талаптын рекорддук деңгээлин жаратууда. Натыйжада Энергетиканы көзөмөлдөө боюнча федералдык комиссия жана Түндүк Американын Ишенимдүү электр корпорациясы электр энергиясына байланыштуу тынчсызданууларын билдиришти», — деп айтылат кайрылууда.

Жо Байден маселени чечүү үчүн тийиштүү мекемелерге бир катар тапшырмаларды берди. Анда өзгөчө кырдаал режими аяктаганга чейин чараларды иштеп чыгуу тапшырылып, 2022-2023-жылдарда өлкөдө электр энергия Күн нурунан алуу керектиги эскертилди.

Айта кетсек, АКШ президенти буга чейин Малайзия, Камбожа, Вьетнам, Таиланддан экспорттолуп жаткан Күн батареяларынан бажы алымдарын алууну эки жылга токтоткон болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM