Биз менен байланышыңыз

BeGreen таштандыларды сатып алган экопункт ачууну демилгелөөдө

Кыска кабар | 7 Июн 2022 | 158 | 0

Бишкекте таштандынын бардык түрүн сатып алган экопункттарды ачуу демилгесин көтөрүп жатабыз. Бул тууралуу BeGreen кыймылынын өкүлү Бегимай Алтыбаева «Маралдын» кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, бул демилге ишке ашса, шаар көчөлөрүнүн, абанын тазаруусуна бир топ эле салым болмок.

«Биз экопункттарды ачууну көздөп жатабыз. Ал ар бир үйдүн жанында дүкөнчө түрүндө болот. Жарандар таштандынын бардык түрүн алып келип, ошол жактан акчага алмаштырып кетишет. Бул биздин жарандарга да мотивация болот деп ишенебиз. Шаар тургуну экопункттарга таштанды тапшыруу аркылуу кичине болсо да айлана-чөйрөнүн корголушуна, тазалыгына салым кошо алат», — деди Алтыбаева.

Айта кетсек, BeGreen кыймылы 2019-жылдан бери борборду таштандыдан арылтуу маселеси менен алектенип келишет. Анын алкагында Бишкекке бөтөлкө формасындагы атайын челектерди орнотушуп, желим бөтөлкөлөрдү чогултууну башташкан. Учурда шаарда 300 ушундай челек бар.

Мунун негизинде пластик иштеткен завод ачылып, андан алынган чийки зат чет өлкөлөргө экспорттолуп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM