Биз менен байланышыңыз

Жапаров Токаевди референдумду ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктады

Кыска кабар | 6 Июн 2022 | 150 | 0

Бүгүн, 6-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев телефондон сүйлөштү.

Анда Жапаров Касым-Жомарт Токаевди Башмыйзамды өзгөртүү боюнча жалпы элдик референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Ошондой эле Кыргызстан да эл аралык байкоочулар менен биргеликте мониторинг жүргүзүүгө катышканын, Казакстандын өнүгүүсүн аныктаган тарыхый учурга күбө болгонун белгиледи.

Ал эми Токаев Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, реформанын негизги максаттарын кыскача баяндап берди.

Тараптар аны менен катар Касым-Жомарт Токаевдин 26-майда Кыргызстанга жасаган сапарындагы макулдашууларды, кол коюлган документтерди талкуулашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM