Биз менен байланышыңыз

Медер Рахман мигранттардын негизги көйгөйүн атады

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Июн 2022 | 272 | 0

Мурда чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиз жумушка орношууда, эмгек акысын алууда же укуктук жактан көйгөйлөргө дуушар болсо, акыркы кезде кыргыз тилинен, маданиятынан жана тарыхынан алыстоо көйгөйү негизги жана курч болуп турат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспора маселелери боюнча кеӊештин катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул маселе айрыкча Европа жана Америка өлкөлөрүндөгү кыргызстандыктар арасында байкалууда.

«Алыс болсо да өз жерин, эне тилин унутпаган мекендештерибиз жок эмес. Жакында Филадельфия штатына барып келдик. Кыргыз жарандар жекшемби сайын эртең менен саат 10дон кечки 5ке чейин кыргыз мектептерге барып, кыргыз тили, маданияты, тарыхы боюнча сабак окуп турушат экен. Эң таң калыштуусу, Америкада туулуп-өскөн балдар-кыздар кыргыздын музыкалык аспаптарында ойноп, кыргыз тилин билет. Бул абдан сүйүндүрдү», — деди ал.

Миграция кеңеши Кыргызстандын тарыхын, маданиятын чет жактагы мекендештерибизге жайылтуу үчүн бир катар чараларды көрүп жатышканын кошумчалады Медер Рахман.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM