Биз менен байланышыңыз

Глобалдык миграция келишимине Кыргызстан эмне үчүн мүчө болбой калды?

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Июн 2022 | 1067 | 0

Кыргызстан бүгүнкү күнгө чейин мигранттар үчүн зарыл болгон коопсуз, легалдуу жана иретүү миграция боюнча глобалдык келишимге мүчө боло элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспора маселелери боюнча кеӊештин катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал коңшу мамлекеттердин баары бул келишимге мүчө экенин баса белгилеп, биздин өлкөнүн мүчө болбогонун себебин түшүндүрдү.

«Биздин айрым министрликтердин жазып берген корутундусуна ылайык кирбей калганбыз. Алар: «Каражат жагынан бир топ чыгымга учурайт экенбиз, саясат жагынан да милдеттенмелер бар экен», — деп туура эмес түшүнбөстүктөрдүн негизинде бул глобалдык келишимге кирүү мүмкүнчүлүгүнөн кур калганбыз. Чынында карап көрсөк, Кыргызстан эч кандай каражат жана саясат жагынан да милдеттенмелерди албайт болчу. Болгону биздин өлкөгө чоң пайда болмок», — деди ал.

2016-жылы АКШнын Нью-Йорк штатында дүйнөнүн көпчүлүк мамлекет башчылары жана өкмөт жетекчилеринин катышуусунда Коопсуз, легалдуу жана иретүү миграция боюнча глобалдык келишим түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, милдеттенмелер коюлган. Анын негизинде «Нью-Йорк декларациясы» деп аталган келишим 2018-жылы күчүнө кирген.

Ар бир өлкө бул декларацияда мигранттардын абалын жакшыртууга багытталган милдеттерди так аткарууга тийиш.

Дүйнөнүн 167ге чукул мамлекети келишимдин мүчөсү болуп эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM