Биз менен байланышыңыз

Месси беш гол киргизип, Аргентинага жеңиш алып келди

Кыска кабар , Спорт | 6 Июн 2022 | 498 | 0

Франциянын ПСЖ футбол клубунун чабуулчусу, аргентиналык Лионел Месси Аргентина жана Эстония курама командаларынын жолдоштук беттешинде беш гол киргизди.

Оюн 5-июнда Испаниянын Памплона шаарындагы «Эль-Садар» стадионунда өттү. Жолдоштук беттеште Аргентине Эстонияны 5:0 эсебинде утту.

Месси биринчи таймда эки гол киргизди (бири пенальтиден), тыныгуудан кийин дагы үч жолу гол киргизди. Ал 90 мүнөттүн баарын оюн талаасында өткөрдү.

Месси муну менен Аргентина курама командасы үчүн 86 гол киргизип, эл аралык футбол тарыхындагы эң көп гол киргизген төртүнчү оюнчуга айланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM