Биз менен байланышыңыз

Ош: Ташкенттик футбол клубу мэрдин кубогун утуп кетти

Кыска кабар , Спорт | 6 Июн 2022 | 432 | 0

Ош шаарынын борбордук стадионунда «Алай» (Ош) жана «Бунёдкор» (Ташкент) командаларынын ортосунда футбол боюнча «Мэрдин кубогу-2022» эл аралык турниринин финалдык беттеши 5-июнда өттү.

Оюндун жыйынтыгында 2:1 эсебинде «Бунёдкор» клубу утту.

Ош шаарында биринчи жолу «Мэр Кубогу-2022» футбол боюнча эл аралык мелдеши 2-июндан 5-июнга чейин болду.

Финалдык оюндардан кийин турнирге катышкан командаларды сыйлоо аземи болуп, турнирдин жеңүүчүсү – «Бунёдкор» командасына кубок жана 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу аземине Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев жана Кыргыз футбол союзунун президенти Медер Сыдыков катышты.

Экинчи, үчүнчү жана төртүнчү орундарды ээлеген командалар акчалай сертификаттар менен сыйланышты.

Ошондой эле шаардык маданият бөлүмү тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM