Биз менен байланышыңыз

Казакстандагы турнирде Кыргызстандын балбандары 10 медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 6 Июн 2022 | 1422 | 0
Алматыдагы турнирде алтын медаль алган балбандар

2-июндан 5-июнга чейин Казакстандын Алматы шаарында өткөн күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик турниринен Кыргызстандын балбандары 10 медаль менен кайтып келишти.

Турнирге грек-рим күрөшүнөн 11, кыз-келиндер күрөшүнөн 1, эркин күрөштөн 7 балбан (жалпы 19 балбан) жөнөтүлгөн. Алар Кыргызстандын байге куржунуна төрт алтын, бир күмүш, беш коло медаль салышты.

Грек-рим күрөшүнөн:

  • Акжол Махмудов (82 кг) — алтын медаль
  • Жоламан Шаршенбеков (63 кг) — коло медаль
  • Ренат Иляз уулу (77 кг) — коло медаль
  • Калидин Асыкеев (82 кг) — коло медаль
  • Атабек Азисбеков (82 кг) — коло медаль

Кыз-келиндер күрөшүнөн:

  • Айпери Медет кызы (76 кг) — алтын медаль

Эркин күрөштөн:

  • Бекболот Мырзаназар уулу (61 кг) — алтын медаль
  • Эрназар Акматалиев (70 кг) — алтын медаль
  • Саякбай Усупов (79 кг) — күмүш медаль
  • Алибек Осмонов (70 кг) — коло медаль

Айта кетсек, эл аралык рейтингдик турнирге 25 өлкө балбандарын жөнөткөн. Кыргызстан жалпы командалык эсепте бешинчи орунду ээледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM