Биз менен байланышыңыз

Вьетнамдын тышкы иштер министри Кыргызстанга куттуктоо жолдоду

Кыска кабар | 4 Июн 2022 | 793 | 0

Вьетнам Социалисттик Республикасынын тышкы иштер министри Буй Тхан Шон Кыргызстан менен дипломатиялык алака түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо жолдоду.

Ал өз куттуктоосунда өлкөлөр аралык кызматташтык мындан ары да бекемделе берерине ишенерин, көп тараптуу алаканы дагы да өнүктүрүү ниетин билдирген.

Ушундай эле куттуктоону Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Вьетнамга жөнөттү.

Жээнбек Кулубаев телеграммага ич ара пайдалуу кызматташтыкка негизделген достук катыш бекемделе берерин белгилеп, аны тереңдетүүгө бардык шарт түзүлгөнүн айтып өткөн.

Айта кетсек, Кыргыз-Вьетнам дипломатиялык алакасы 1992-жылдын 4-июнунда кол коюлган макулдашуудан кийин күчүнө кирген.  Эки өлкө негизинен соода-экономика, айыл чарба жана саламаттыкты сактоо тармактарында кызматташып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM