Биз менен байланышыңыз

«Мыкты тарбиячы-2022» сынагы жыйынтыкталды

Кыска кабар | 4 Июн 2022 | 1526 | 0

Кыргыз Республикасынын эл мугалими Бектур Исаковдун 80, «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын 8 жылдыгына карата өткөрүлгөн «Мыкты тарбиячы-2022» сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи бүгүн, 4-июнда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өткөрүлдү. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

Айта кетсек, сынак ушул жылдын башында жарыяланып, ага катышуу үчүн 120дан ашуун тарбиячы кайрылуу калтырган. Атайын комиссия алардын ичинен 53үн каттаган.

Апрель-май айларында өткөрүлгөн онлайн-сынак учурунда дагы 5 тарбиячы четтетилип, 48 тарбиячы 2 багыт, 6 шарт боюнча финалга чейин ат салышкан.

Жыйынтыкта баш байгени Балыкчы шаарындагы №7 «Келечек» бала бакчасынын тарбиячысы Шапалаева Рахат жеңип алды. Андан тышкары 10 байгелүү орун, 7 кызыктыруучу орундун ээлери да атайын белектер, диплом, төш белги менен сыйланышты. Аны менен катар «Мыкты таанытым», «Чыгармачыл таанытым», «Жаңычыл таанытым» номинацияларынын да жеңүүчүлөрү аныкталды.

Жалпы катышуучуларды, байге ээлерин Эл мугалими Бектур Исаков телефон аркылуу куттуктады. Иш-чарага ошондой эле Кыргызстан педагогдор коомунун төрагасы, профессор Эсенбек Мамбетакунов, Кыргызстан аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева жана башкалар катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM