Биз менен байланышыңыз

Прокуратура: Министрлик түзгөн келишимден мамлекет 55 млн сом зыян тарткан

Кыска кабар | 4 Июн 2022 | 909 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлигинин айрым кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, мамлекетке каршы келишим түзгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Бахрейндин Medical Value Chain компаниясы 2021-жылдын 8-июлунда дары-дармекти көзөмөлдөө жаатында мамлекеттик мекемелерге акысыз кызмат көрсөтүү меморандумуна кол коюшкан.

Меморандум боюнча кызматташуу күчүнө кире электе министрлик ошол эле жылдын 2-ноябрында тендер өткөрбөй туруп, Түркиянын Health Information Technology компаниясы менен ушул эле өңүттөгү, бирок акы төлөнүүчү келишим түзүп, ага 54 млн 836 миң 316 сом которгон.

Башкы прокуратуранын айтымында, министрлик мамлекетке чыгым келтирбестен аткарыла турган ишти токтотуп, атайылап акы төлөнүүчү кызматты тандап алган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 339-беренеси (билип туруп пайдасыз келишим түзүү) менен иш козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Айта кетсек, бул маселе боюнча Алымкадыр Бейшеналиев февраль айында журналисттерге комментарий берген болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM